super.kg logo
  Саясат  

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Австрия парламентинин төрайымы менен жолугушуу өткөрдү

 
Кечээ, 23-март күнү президент Алмазбек Атамбаев Австрияда өтүп жаткан расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн парламентинин Федералдык Кеңешинин президенти Соня Цвацл менен жолугушуу өткөрдү. 
Анын жүрүшүндө кыргыз-австриялык эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги, ошондой эле парламенттер аралык өз ара иш алып баруу, актуалдуу эл аралык маселелер тууралуу сүйлөшүүлөр орун алды. 
Австрия парламентинин Федералдык Кеңешинин төрайымы Соня Цвацл Кыргыз Республикасынын демократияны бекемдөөдөгү жетишкендиктерин жана өлкөдө туруктуу коомдук-саясий кырдаалды орнотууга байланыштуу кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдөгү ийгиликтерин баса белгиледи.
Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз өлкөсүнүн түрдүү тармактарында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: