super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык союзга кошулушу боюнча жыйын өткөрдү

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 24-мартта Кыргыз Республикасын Евразиялык экономикалык союз жөнүндө келишимге кошуу үчүн протоколго кол коюу боюнча жыйын өткөрүп, ага министрлик жана мекемелердин башчылары катышты. Жыйында Евразиялык экономикалык комиссиянын кезектеги жыйынында вице-премьер-министрлердин деңгээлинде талкуулоо үчүн кыргыз мамлекетинин позициясын иштеп чыгуу маселеси каралды. Мындан тышкары өлкөнүн ЕАЭСке кошулушу боюнча жол картасында каралган иш-чараларды каржылоо тууралуу талкуу болду. Жыйынтыгында өкмөт башчы иш-чараларды каржылоого байланышкан процедураларды тездетүү тапшырмасын берди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: