super.kg logo
  Саясат  

Парламенттин тармактык комитети шайлоодон кийин партиянын тизмесин өзгөртпөө позициясын карманат

 
Парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети парламенттик шайлоодон кийин партиядагы талапкерлердин тизмесин өзгөртүүсүз калтыруу позициясында бекем турат. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта тегерек столдун жүрүшүндө аталган комитеттин төрайымы Наталья Никитенко билдирди.
Анын айтымында, "КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоору парламентте каралып жатканда, депутаттардын көбү ушундай сунушту колдоого алышты. Сунушталып жаткан демилге конституциялык мыйзамдын долбоору болгондуктан, депутаттардын 80ден кем эмес добушун ала албай калган. "Шайлоочулардын пикирин сыйлаш керек. 31-мартта бул мыйзам долбоорунун талаштуу нормалары комитетте каралат. Биз тизме өзгөртүлбөсүн деген сунушту кайра демилгелейбиз",- деди Никитенко.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: