Ош шаарындагы аймактык кеңештердин биринде медициналык пункттун курулуш иштери башталды
Ош шаарынын “Курманжан датка-2” №12-аймактык кеңешинин Эдельвейс дача тилкесинде жаңы медициналык пункттун курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн аталган медициналык жайдын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.
Курулуучу ФАП 2014-жылы аталган аймактын жалпы жашоочуларынын демилгеси менен “Арис” эл аралык уюмуна сунушталып, колдоого алынган. 2015-жылдын 28-январында тендер өткөрүлүп, комиссиянын жыйынтыгынын негизинде Ош шаарында жайгашкан “Петро Строй” жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган. Фельдшердик-акушердик пункттун жалпы сметалык баасы 2,5 миллион сомго жакын акча каражатын түздү. Ош шаарынын мэриясы тарабынан жалпы суммадан 5 пайыз акча каражаты бөлүнүп берилди. Медициналык пункттун курулуш иштерин ушул жылдын май айына бүткөрүү пландалган.
Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Жапарбек Ормонов, бир катар мекеменин жетекчилери, аймактын тургундары катышты.

