super.kg logo

Бишкектин тургундары: "Көп кабаттуу үйүбүздөн жарака кетип, балдарыбыз короого чыгып ойной албай калышты"

 
"Бишкектеги курулуш компанияларынын бири биз жашаган Токтогул жана Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишинде 12 кабаттуу үй куруп, мунун кесепетинен курулуш жүрүп жаткан жердин жанындагы кыш дубалы бузулуп, 144-үйдөн жарака кетти". Бул тууралуу жапа чеккен үйдүн жашоочусу Диляра Кудайбергенова билдирди. 
"Корообуздун дубалы 2 метр болчу. Аны бузуп, тереңдиги 3 метр болгон чуңкур казып салышты. Балдарыбыз сыртка чыгып ойной алышпайт, анткени ар кандай темир-тезектер ыргып жерге түшүп жатат. Бул маселе боюнча курулуш компаниясын бир жыл мурун эле сотко бергенбиз, бирок эч кандай чара көрүлө элек. Элестетиңиздер, биздин үйдүн пайдубалы болгону 20 сантиметр. Курулуш нормаларына ылайык, ар бир үйдүн ортосу 23 метр болуш керек экен. Бизде болсо мыйзам бузулуп жаткандыгы, укуктарыбыз тепселенип жаткандыгы айдан ачык көрүнүп турат",- деди Кудайбергенова.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: