Ошто өз үйүнөн мал уурдаган кыз кармалды
Ошто өз үйүнөн мал уурдаган кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Жапалак айыл өкмөтүнүн 53 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар 40 миң сомдук уюн уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары үй ээсинин 23 жаштагы кызы кармалган. Ал сурак учурунда күнөөсүн моюнуна алып, уйду 31 500 сомго сатканын айткан. Анын айтымында, Орусияга кетүүгө акча таппай ушул ишке барган.
Айта кетсек, кылмышка шектүү кыз бир канча күн милиция кызматкерлери менен Араван, Кара-Суу райондорундагы мал базарларда жоголгон уйду издешип, аларды "ууруларды тез таппайсыңар" деп күнөөлөгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Жаргон сөздөргө тыюу салынат!
Коомдук этиканы сактаңыз!
Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу, түбөлүк банга!