Серепчилер Алмазбек Атамбаевдин Европа өлкөлөрүнө барышын алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштырышты
Бүгүн, 25-мартта Бишкекте өткөн тегерек столдо саясий серепчи Марс Сариев "Европа өлкөлөрү президент Алмазбек Атамбаевди келерки парламенттик шайлоого байланыштуу чакырышкан" деген пикирин айтты.
Автор: Нургазы Аматов
Анын билдиришинче, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү батыш мамлекеттерине пайдасыз. "Саясий күчтөр шайлоодо өздөрүнө пайдалуу жыйынтыкка жетишүү үчүн таасир этүүгө аракеттенип жатышат",- деди Сариев.
Мындан тышкары бийлик жаштар менен начар иштешип жатканын белгиледи. "Бийликтеги партиялар жаштар менен тыгыз мамиледе кызматташуусу зарыл. Же тышкы күчтөр мындан пайдалана алышат. Жыйынтыгында мындай көрүнүш жаман нерселерге алып келиши мүмкүн",- дейт Сариев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

