Алмазбек Атамбаев 150 адамдын өмүрүн алган авиакырсыкка байланыштуу Германия президентине жана канцлерине көңүл айтты
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Франциянын аймагында көптөгөн адамдардын өмүрүн алып кеткен авиакырсыкка байланыштуу Германиянын президенти Йоахим Гаук менен канцлер Ангела Меркелге көңүл айтты. "Франциянын аймагында кулаган учактагы германиялык жарандардын каза болушуна байланыштуу көңүл айтуумду кабыл алыңыз",- деп айтылат президенттин көңүл айтуу телеграммасында.
Алмазбек Атамбаев каза болгондордун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.
Эскерте кетсек, германиялык "Germanwings" компаниясына тиешелүү учак 23-мартта Барселонадан Дюссельдорф шаарына учуп, Франциянын түштүгүндө кырсыкка учураган. Ичиндеги 150 адамдын баары каза болгону кабарланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

