Муфтий Бишкектин мэрин борбор калаадагы ири мечиттин курулушунун жүрүшү менен тааныштырды

Кыргыз Республикасынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууга Түркия элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Орхан Генч жана муфтияттын курулуш бөлүмүнүн адиси Назылбеков Таалайбек ажы катышты. Мэр Кулматов Бишкек шаарында курулуп жаткан Орто Азиядагы эң ири мечиттердин биринин курулуш иши менен таанышып чыкты. Мындан тышкары курулуш жаатында эки тараптуу сүйлөшүүлөр да жүргүзүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

