super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз мушкерлери Казакстандын Жамбыл облусунун курамасы менен командалык беттеш өткөрүшөт

 

Бокс боюнча улуттук курама команда Казакстандын Тараз шаарында Жамбыл облусунун курама командасы менен командалык беттеш өткөрөт. 27-28-мартка туураланган беттешке катышуу үчүн курамга 9 салмак категориясынан 14 мушкер чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына улуттук кураманын машыктыруучусу Адылхан Бекболотов кабарлады.

Анын айтымында, учурда мелдештер жок болгондуктан, Казакстанга барып беттеш өткөрүү чечимин кабыл алышкан. “Мушкерлер бир эле машыгуудан өспөйт. Жакын арада мелдеш жок болгондуктан, аларды спорттук калыпта кармап туруу үчүн казак жергесине аттанып жатабыз. Жамбыл облусун тандап алганыбыздын да себеби бар. Акыркы жылдары Азия чемпиондорун, Дүйнө чемпиондорун тарбиялап чыккан Тараз шаарынын курамасы өткөн жылы командалык эсепте Казакстандын кубогун утуп алды”,- деп кошумчалайт А.Бекболотов.

Мушкерлер 49, 52, 56, 60, 64, 69, 75, 81, 91 килограммдык салмактык бөлүктөрдө өз күчтөрүн сынашат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, курамда Темирлан Осмонов, Рахманкул Аватов, Жаныбек Мусаев, Бек Камчибеков, Түркбай уулу Мирлан, Сулайманбек уулу Акжол, Абдувахаб уулу Канат, Болотбек уулу Эркин, Каныбек уулу Азамат, Александр Панарин, Сергей Паренко, Олжобай уулу Тилек, Ыхтыяр Шамдамбаев, Чингис Борбашев сыяктуу мушкерлер бар. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.03.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик каалайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: