super.kg logo

Муфтий Максатбек Токтомушев "Бүткүл дүйнөлүк Куранга ой толгоо" уюмунун директору менен жолугушту

 

Кыргыз Республикасынын муфтиятынын башчысы Максатбек ажы Токтомушев Сауд Арабия жергесиндеги "Бүткүл дүйнөлүк Куранга ой толгоо" уюмунун директору Наср ибн Сулейман жана аталган уюмдун башкы адистери менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапары менен келишкен "Бүткүл дүйнөлүк Куранга ой толгоо" уюмунун өкүлдөрү муфтий Токтомушевге Курандын туура көрсөтмөсүнүн негизинде тажрыйба алмашуу жаатында, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын өркүндөшүнө өз салымдарын кошорун билдиришти.

Мындан тышкары бүгүн аталган уюмдун өкүлдөрү “Ыйман” руханий маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы, Кыргыз ислам университетинин эмгек жамааты, Бишкек шаардык мусулмандар казысы жана Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров менен жолугушуп, андан соң борбор калаадагы диний окуу жайлар менен жеринен таанышышмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.03.2015. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла раазы болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: