Алмазбек Атамбаев Франциядагы авиакырсыкка байланыштуу Испания падышасына көңүл айтты
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев германиялык учактын кыйрашынан испаниялык жарандардын каза тапканына байланыштуу Испания падышасы Филипп VIга көңүл айтты. "Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Франция аймагында кулаган учактагы Испаниянын жарандарынын каза болгонуна байланыштуу сизге жана жалпы испан элине терең кайгыруу менен көңүл айтам",- деп айтылат президенттин көңүл айтуу телеграммасында.
Алмазбек Атамбаев каза болгон жарандардын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

