super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева: "Жакында өлкөнүн жаңыча өнүгүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу процесси башталат"

 

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 25-мартта калктын жайгашуусу жана өнүгүү маселеси талкууланган тегерек столго катышты. Вице-премьер 2014-жылдын 12-августунда БУУнун Башкы ассамблеясынын 68-сессиясынын резолюциясы аркылуу “Биз каалаган келечек” аттуу туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун кеңешмесинин документи жактырылганын белгиледи.

“Бул документте 2015-жылдан кийинки глобалдуу туруктуу өнүгүүнүн максаттары чагылдырылган. Максаттары - жакырчылыкты жоюу жана азык-түлүк коопсуздугун, сергек жашоо образын, сапаттуу билим берүүнү, гендердик теңчиликти, суунун үнөмдүү пайдаланууну камсыздоо, аба ырайынын өзгөрүүсүнө каршы күрөш жүргүзүү жана башка. Жакын арада 2017-жылдан кийинки кыргыз мамлекетинин жаңыча өнүгүү стратегиясынын концепциясын иштеп чыгуу жана туруктуу өнүгүүнүн жаңы максаттарын талкуулоо процесси башталат",- деди Ниязалиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: