Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев: "Алмазбек Атамбаевдин Австриянын президенти Хайнц Фишер менен сүйлөшүүсү 5 саатка чейин созулду"
Бүгүн, 25-март күнү Франциянын борбору Париж шаарында КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев президент Алмазбек Атамбаевдин Европа өлкөлөрүндө өтүп жаткан расмий иш сапары боюнча чакан брифинг берди. Тышкы иштер министринин айтымында, Алмазбек Атамбаевдин Австриянын президенти Хайнц Фишер менен болгон сүйлөшүүсү 5 саатка чейин созулду.
Автор: Эльвира Караева
"Австрия тарап Кыргыз Республикасынын демократиялык өзгөрүүлөрүн колдоп, өзгөчө бийликтин мамлекеттик институттарынын бекемдүүлүгү белгиленди. Бул өтө олуттуу сигнал. Европа өлкөлөрүндө өтүп жаткан президент Алмазбек Атамбаевдин расмий иш сапарлары жарым жыл бою даярдалып келди. "Тез арада иштелип чыкты" деген маалыматтар туура эмес.
Европа бүгүн кыргыз өлкөсүндө бийликтин мамлекеттик органдарынын бекемдүүлүгүн, демократиялык жол менен өнүгүүгө бара жатканын көрүп турат. Ошондуктан Европа Кыргыз Республикасын саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуу аркылуу колдогусу келет",- деди Эрлан Абдылдаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

