Бишкекте мектеп олимпиадасында жеңген окуучулар сыйланышты













Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң залында негизги сабактар боюнча 2015-жылдын шаардык олимпиадасынын III баскычынын жабылышы өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, быйыл олимпиадага шаардын мектептеринен 429 окуучу катышкан. Иш-чара Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен №62-мектеп-гимназиясынын базасында өткөрүлдү. Окуучулар эки күндө 10 сабактан тиешелүү тапшырмаларга жооп беришти.
Олимпиаданын башкы максаты окуучулар арасында сабактарга болгон кызыгууну арттыруу, ошондой эле жогорку класстарга алдыда кандай кесипти тандоо керектигине жол көрсөтүү болуп саналат.
Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана белектер тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Arslana

26.03.2015. 09:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалаң акылдуулар чогулушуптур, анан 2015-жыл "тире" менен жазыларын билишпейт бекен?!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.