Чүй облусунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды
Чүй облусунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 23 жаштагы облус тургуну кайрылган. Анда ал 25-март күнү Алматы көчөсүндөгү унаа жуучу жайлардын биринен Лексус GX 470 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Х.Я. аттуу жаран кармалган. Учурда ага кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.