super.kg logo

Бабур атындагы жана “Туңгуч” театрлары биргеликте өлкөнүн түштүк аймагына гастролго чыгышат

 
Бабур атындагы жана “Туңгуч” театрларынын актёрлору “Тынчтык жана мээримдүүлүк кербени” деген ураан алдында өлкөнүн түштүк тарабына гастролго чыгуу алдында турушат. Бул тууралуу депутаттардын эл менен жолугушуу жумалыгынын алкагында театрдын ишмердүүлүгү менен таанышууга келишкен бийлик өкүлдөрүнө Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова билдирди.
КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен бүгүн, 26-мартта билдиришкендей, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиев, Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Абдыкадыр Султанбаев катышты.
Ошондой эле “Туңгуч” театрынын жетекчиси, Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова негизинен өз демилгеси, аракети менен ачылган театр студиясында учурда балдар окуп, аларга сахна кеби, режиссура, пластика багытында атайын мугалимдер сабак берип жатышканын кабарлады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: