Өлкөдө спорт жана дене тарбия менен алектенгендердин пайыздык көрсөткүчү 10 пайызга жетти

2015-жылдын 1-январына карата өлкөдө дене тарбия жана спорт менен алектенгендердин саны боюнча көрсөткүч 10 пайызга жеткен. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов билдирди.
“Биз жыл сайын дене тарбия менен алектенгендердин саны боюнча маалымат алып турабыз. Мурун бул көрсөткүч 6-7 пайызды түзүп келген. Акыркы жылдагы көрсөткүч боюнча 10 пайызга жетти. Дүйнөлүк деңгээлдеги иреге көрсөткүч (башталгыч көрсөткүч) 15 пайыз. Ошол себептүү бул көрсөткүчтү начар деп баалап, 2015-жылы көрсөткүчтү 12 пайызга чейин өстүрүүнү пландап жатабыз”,- деди К.Эргешов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.