Бүгүн Ошто өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун алдын алуу талкууланат
Ош шаарындагы Панфилов атындагы №23-мектептин жыйындар залында бүгүн, 26-мартта өспүрүмдөргө карата болгон зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ага карата көрүлгөн иш-чаралар талкууланат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Ага Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов, Шаардык ички иштер башкармалыгынын, Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, шаар казысы, мектеп директорлору жана ата-энелер комитеттеринин төрагалары катышышат.
Жыйында билим берүү мекемелериндеги балдардын таалим-тарбиясынын калыптануусундагы аткарылып жаткан иштер, мугалим менен ата-энелердин кызматташтыгын күчөтүүнүн жолдору, учурдагы жашы жете элек балдардын арасындагы кылмыштуулук, балдарга карата болуп жаткан зордук-зомбулуктар каралат.
Ошондой эле өспүрүмдөрдү адеп-ахлакка тарбиялоодогу дин таануу сабагынын ролу жана балдардын акыл-эсинин калыптануусундагы ата-энелердин тийгизген таасирлери талкууга алынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:20
2025-08-10
9:08
2025-08-10

14:01
2025-08-09

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.