Ош. Адистер, ата-энелер окуучуларга китеп тандоодо, убакытты туура бөлүштүрүүдө көмөктөшүү боюнча жыйын өткөрүштү






Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу №18-мектепте “Китеп окуунун пайдалары жана адатка айландыруу” деген теманын алкагында семинар болуп болуп өттү.
Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, семинардын негизги максаты учурда окуучулар китеп окуудан алыстап бараткандыгына байланыштуу мектеп, окуучу жана ата-эне үчилтиги менен иш алып барууну күчөтүп, окуучуларды китеп окууга тартуу, көп окууга үгүттөө болуп саналат. Мектепте мугалим, үйдө ата-эне баласына китептердин пайдалуу жактарын далилдер менен санап берүү аркылуу окуй турган китептерди тандоосуна көмөктөшүү, анын канчалык деңгээлде зарылдыгы бар экендигин түшүндүрүү жана убакытты туура пайдалануусун көзөмөлдөө сыяктуу кеңештер айтылды. Аталган иш-чара 25-мартта өткөрүлүп, ага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, мектеп мугалимдери, окуучулар жана ата-энелер катышты.


