super.kg logo

Кыргыз туризм департаменти Орусияда өткөн "Саякаттоо жана туризм” аттуу көргөзмөгө катышты

 

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти КРнын туристтик индустриясынын өкүлдөрү менен биргеликте Орусиянын Москва шаарында өткөн 22-Эл аралык “ MITT/Саякаттоо жана туризм” аттуу көргөзмөгө катышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта аталган министрликтен кабарлашты.

Маалым болгондой, көргөзмөдө Орусия Федерациясынын туристтик индустриясы үчүн Туризм департаменти тарабынан КРнын улуттук стенди жана КРнын Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн базасында КРнын туристтик потенциалынын бет ачары уюштурулду.

Кыргыз жеринен барышкан туристтик бизнестин өкүлдөрү өнөктөштөр менен бир катар жолугушууларды жүргүзүп, КМШ өлкөлөрү жана Орусия үчүн бирдиктүү туристтик сайт түзүү жана аны ишке киргизүү, кыргыз өлкөсүнүн Москва шаарында өтө турган 23-Эл аралык көргөзмөгө катышуусу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

4 күн аралыгында көргөзмөгө 32 162 адам келди. Анын 76 пайызы Орусиянын 75 аймагынан жана чет мамлекеттерден келген туристтик бизнестин өкүлдөрү.

Көргөзмө учурунда бир катар маанилүү иш-чаралар өттү. Мындан тышкары 2015-жылдын 2-3-апрель күндөрү Екатеринбург шаарында өтө турган “Жай-2015” аттуу эл аралык туристтик көргөзмөгө катышуу пландаштырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: