Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин имараты капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж













Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттын имаратынын эскилиги жеткендиктен шыптары урап, полдору тешилип жатканына депутаттардын эл менен жолугушуу жумалыгынын алкагында мектепке барышкан бийлик өкүлдөрү күбө болушту. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен бүгүн, 26-мартта билдиришти.
Мектептин абалы менен Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев, Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин башчысынын орун басары Абдыкадыр Султанбаев жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиев таанышышты.
Аталган музыкалык мектеп-интернаттын директору Исирадин Аманбаев учурда мектепте 450 бала окуп жатканын, андагы 240 бала интернатта жашаарын маалымдады. Ошондой эле окуу жайды капиталдык оңдоодон өткөрүү бүгүнкү күндүн талабы экенин айтты.
Эскерте кетсек, 2015-жылы мектептин 50 жылдык мааракеси өтөт. Жетекчиликтин айтымында, ага дүйнөнүн булуң-бурчунан мектеп-интернатты аяктап кеткен белгилүү музыканттар келишет.




1 |