super.kg logo
  Спорт  

Дене тарбия жана спорт агенттигинин 40 райондогу бөлүмдөрү жоюлуп, 7 облустук бөлүм ишке кирет

 

Өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин өлкөнүн 40 районунда иш алып барып келген бөлүмдөрү жоюлуп, 7 облустук бөлүм ишке кирет. Бул тууралуу аталган агенттиктин директору Кадырбек Эргешов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, мындай зарылчылык райондордогу чечилбеген маселелердин көптүгүнөн, райондук бөлүмдөр менен байланышуунун кыйын болгонунан улам келип чыккан. Дагы бир себеби айрым адистерди жумуштан алып, спортту кенен түшүнө билген адистер менен толуктоо болуп саналат.

Буга чейин ар бир райондо бирден бөлүм башчы, эсепчи жана башкы адис иштеп келген. Эми райондордо бирден инструктор калтырылат. Бул иштер өкмөттүн 10-марттагы токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат. “Мунун баары мыйзам чегинде ишке ашып жатат. Облустук бөлүмдүн жетекчиси сынактын негизинде бекитилет. Жумуштан бошотулгандарга жумуш ордуларын сунуштайбыз. Эгер макул болушпаса, анда мыйзам чегинде 3 айдын айлыгын төлөп беребиз. Муну менен биз соттошуулардын алдын алабыз”,- деди агенттиктин директору. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.03.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буга чейин деле иш кылышкан жок райондогу жаштарды спортко тартыш керек эле, эми .........
26.03.2015. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
калп эле олтуршат аны алыш керек муну коюш керек деп андан коро практикада иш жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: