super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев менен Франсуа Олланд кыргыз-француздук мамилени өнүктүрүү зарылдыгын билдиришти

 
Парижде 25-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Франциянын президенти Франсуа Олланддын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы жана келечеги, эл аралык актуалдуу маселелер талкууланды. Бул тууралуу 16-мартта президенттик аппараттан билдиришти. 

Президенттер кыргыз жеринде 2015 жана 2017-жылдары өтүүчү парламенттик жана президенттик шайлоолорду уюштурууда Евросоюз менен Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун көмөгүнүн алкагында француздук экспертизаны берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо системин өркүндөтүүгө өбөлгө болуучу биргелешкен кызматташууну күчөтүү маанилүүлүгүн билдиришти.

Мамлекет башчылары кыргыз-француздук саясий диалогду бардык деңгээлде өнүктүрүүгө, тактап айтканда, эки мамлекеттин тышкы саясий мекемелеринин улук кызматкерлердин деңгээлинде жыл сайын өтүүчү консультацияларды уюштуруу боюнча каалоолорун билдиришти. Тараптар парламенттер аралык кызматташууну жана кыргыз өлкөсү менен Франциянын шаарларынын жана аймактарынын ортосунда кызматташууну чыңдоо керектигин белгилешти.

"Жолугушууда Алмазбек Алтамбаев Украинадагы кризисти чечүүгө көмөктөшүүдөгү Франциянын аракеттерин жогору баалаарын айтса, Франция лидери кыргыз мамлекетинин Орусия менен Европа союзунун позицияларын жакындаштырууга өз салымын кошууга даяр экендигин кубаттады. Президент Алмазбек Атамбаев Франциянын президенти Франсуа Олландга жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз жерине расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды",- деп билдирди президенттик аппараттын маалымат кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: