super.kg logo

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата "Эскерүү эстафетасын” өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө

 

Бүгүн, 26-мартта борбор калаадагы "Жеңиш" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата "Эскерүү эстафетасы” эл аралык акциясына кызуу даярдыктар көрүлүүдө.  

Учурда аянтта кызыл жана сары түстөгү желектер илинип, таш төшөлгөлөрдү тазалоо жана ортосундагы тешиктерди жамоо иштери аткарылууда. Ал эми шаардык мэрияга караштуу "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аянттын айланасында арчалардын жаңы көчөттөрүн отургузуу, гүл жана чоң арчалардын түптөрүн жумшартуу иштерин жүргүзүүдө. 

Эртең борбордо өтүүчү акцияга Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары катышмакчы. Ага карата бир катар майрамдык иш-чаралар да өткөрүлөт. 

Айта кетсек, "Эскерүү эстафетасы” эл аралык акциясы 11-март күнү Беларустун борбору Минск шаарында старт алган. Бул акция эми Баку, Кишинёв, Ереван, Дүйшөмбү жана Астана шаарларында да өткөрүлмөкчү. Ал эми 9-Май - Жеңиш күнү аталган эстафета Москвада өтүүчү ири парадда аяктайт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: