super.kg logo

Жеке куурчак театрлары мамлекеттик театрдын атын жамынып, жер-жерлерди кыдырууга уруксат алып жатышкандыгы айтылды

 
Жеке куурчак театрлары М.Жангазиев атындагы Мамлекеттик театрдын атын жамынып, жер-жерлерди кыдырууга уруксат алып жатышат. Бул тууралуу депутаттардын эл менен жолугушуу жумалыгынын алкагында театрдын ишмердүүлүгү менен таанышууга келишкен бийлик өкүлдөрүнө аталган театрдын жетекчиси Сатылган Сазаев билдирди. 
КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен бүгүн, 26-мартта билдиришкендей, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиев, Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Абдыкадыр Султанбаев катышты.
Мындан тышкары театр имараты жаңы болгону менен, техникалык базасынын начардыгы, жарык берүү аппаратурасынын эскилиги актёрлордун бардык потенциалын ачып берүүгө тоскоолдук жаратып, балдарды толук кандуу тейлей албай жаткандыгы маалымдалды. 
75 жылдык тарыхы бар театр 21-мартта белгилене турган Эл аралык куурчакчылар күнүн өткөрүүнүн алкагында май айында эл аралык фестиваль өткөрүүнү пландаштырган. Театр жетекчиси учурда ага карата даярдыктар көрүлүп жатканын, мамлекет тараптан да колдоо керек экенин белгилеп өттү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: