super.kg logo

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Куралдуу күчтөрү биргелешип машыгуу өткөрүшөт

 

25-26-мартта 52806-аскер бөлүгүнүн Токмок шаарындагы базасында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрү биргелешип машыгуу өткөрүү жана ага даярдыктарды көрүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди. 

Маалыматка таянсак, биргелешкен машыгуунун уюштуруу маселелерин талкуулоо үчүн Казакстандын, Кытайдын, Кыргыз Республикасынын, Орусия Федерациясынын жана Тажикстандын кызыкдар министрликтери менен мекемелеринин ыкчам топтору Бишкекке келишти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө быйылкы жылдын 21-апрелинен 25-апрелине чейинки аралыктарда “ШКУга мүчө мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы бөлүкчөлөрүнүн тоолуу жер шарттарында бандалык түзүмдөрдү тосуусу жана жок кылуусу” деген темада биргелешкен машыгуу өткөрүү макулдашылды. Андан тышкары биргелешкен машыгууну укуктук, материалдык-техникалык, ооруктук, транспорттук, медициналык жана башка багыттарда камсыздоо боюнча маселелер каралды.

26-апрелде биргелешкен машыгуунун активдүү фазасы өтүүчү аймак Шамшы капчыгайында болору сүйлөшүлдү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: