super.kg logo

Ырчылар Азамат Сарыбаев, Токтобек Асаналиев, Салима Балтаева Франция, Германия, Австрияда "Түрксой" уюму уюштурган фестивалга катышууда

 
Ырчы Азамат Сарыбаев Казакстандын Эл артисти Роза Рымбаева менен.
"Түрксой" уюмунун "Нооруз-2015" майрамын салтанаттуу белгилөө иш-чарасы быйыл биринчи жолу Франция, Германия жана Австрия мамлекеттеринде өтүп жатат. Кыргыз жеринен аталган фестивалга ырчылар Азамат Сарыбаев, Токтобек Асаналиев жана Салима Балтаева, кыргыз бийчилери катышып жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Азамат Сарыбаев бүгүн, 26-мартта билдирди.
Анын айтымында, Нооруз майрамы биринчи Франциянын борбору Париж шаарында майрамдалды. Бүгүн, 26-мартта Германияда, эртең Австрияда өзгөчө шаң менен белгиленет.
Фестивалга Кыргыз Республикасы, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан, Молдова, Кытай Эл Республикасы, Иран, Орусия Федерациясынын Алтай, Башкортостан, Хакасия, Татарстан, Саха жана Карачай-Черкес Республикасынын чыгармачыл инсандары катышып жатышат. 
Аземдин жүрүшүндө аталган европалык мамлекеттердин жарандары жазгы майрамга байланышкан уникалдуу каада-салттарга жана өнөрпоздордун кайталангыс концерттик программасына күбө болушууда. Салтанатка ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова, "Түрксой" уюмуна кирген мамлекеттердин маданият министрлери катышууда.
Иш-чара Нооруз майрамын жана ЮНЕСКОнун 70 жылдыгын белилөө максатында өтүүдө. Бул майрамды белгилөөгө Түркия жана "Түрксой" уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөттөрү, Юнус Эмре институту көмөк көрсөтүшүүдө. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
27.03.2015. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Germanyanyn kaisy shaarynda boldu eken?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: