super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарды кыдырышууда

 
Жогорку Кеңештин депутаттары республиканын аймактарын кыдырышууда. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Абдимуктар Маматов бүгүн, 26-мартта Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Алга жана Эски-Покровка айылдарынын тургундары менен жолугушту. Депутат жарандардын суроолоруна жооп берип, айрым маселелерди жеринен чечип берүүгө убада берди.
Ал эми депутаттар Токтогул Туманов менен Нурбек Касымбеков Сузак районунун тургундары менен жолугушту.

Айыл тургундарынын айтымында, жазгы талаа иштерине кам көрүү өткөн жылга салыштырмалуу начар, жер семирткичтер жетишсиз болууда. Күйүүчү майдын баасынын өсүшү да зыянын тийгизип жатканын айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: