super.kg logo
  Спорт  

Алматыда алыш күрөшү жана эрежесиз эр уруш боюнча кыргыз-казак достук мелдеши өттү

 

Казакстандын Алматы шаарында спорттун эрежесиз эр уруш жана алыш күрөшү боюнча кыргыз-казак спортчуларынын ортосунда 26-мартта достук мелдеши болуп өттү. Уюштуруучулардын бири, “Замандаш” ассоциациясынын Алматы шаарындагы өкүлү Туратбек Аманбаевдин айтымында, мелдеш Нооруз майрамына жана Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган. 

Беттеште боордош эки элдин 40ка жакын балбаны жана уруш чеберлери өз ара күч сынашышты. Алыш күрөшү боюнча Азиянын 3 жолку чемпиону, азыркы учурда Алматы шаарында машыктыруучу болуп эмгектенген мекендешибиз Бакыт Сариев бул мелдештин негизги максаты эки элдин ортосундагы достукту чыңдоо, жаштарды патриоттуулукка үндөө жана алыш күрөшүн дүйнөгө таанытуу экендигин билдирди. Катышуучуларга мелдеш соңунда уюштуруучулар тарабынан кызыктыруучу белектер жана медалдар ыйгарылды.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: