"Социалдык фонддун 2014-жылга бюджети жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилди
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 19-февралында кабыл алынган мыйзамдын максаты - 2014-жылдын жыйынтыктары боюнча Социалдык фонддун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолуна түзөтүү киргизүү.
Киргизилген түзөтүүлөрдө 2014-жылдын жыйынтыктары боюнча Социалдык фонддун профицити эске алынып, тиешелүү көрсөткүчтөр такталат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

