super.kg logo

Ош облусунда жайлоодогу бала бакчалардын фестивалы өткөрүлдү

 

24-26-мартка чейин Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай жана Чоң-Алай райондорунда «Жайлоодо биз жүрөбүз, көп нерсени үйрөнөбүз да, өсөбүз» урааны менен жайлоодогу бала бакчалардын фестивалы өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаранын максаты жайлоодогу бала бакча түшүнүгүн жалпыга жайылтуу, наристелерди улуттук салтка ылайык тарбиялоо жана коомчулукту экологиялык маданиятка тартуу болуп саналат. Фестивалдын жүрүшүндө катышуучуларга чийден, кийизден жана башка материалдардан оюнчук жасоо боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.  

Ошондой эле наристелер конокторго музыкалык номерлери менен иш-чараны шаңга бөлөштү. Фестивалдын алкагында 16 бала бакчага боз үйлөр берилип, ар бири 50дөн балдар адабияттарын алышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: