Бишкектеги китепканаларда китеп фондунун аздыгы, каражаттын жетишсиздиги маселелери курч турганы айтылды













Учурда Бишкек шаарындагы китепканаларда негизинен китеп фондунун аздыгы, бөлүнгөн каражаттын жетишсиздиги сыяктуу маселелер курч бойдон турат. Бул тууралуу китепканалардын ишмердүүлүгү менен таанышууга келишкен бийлик өкүлдөрүнө Борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору Батыгүл Тагаева билдирди.
КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 26-мартта билдиргендей, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиев, Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Абдыкадыр Султанбаев катышты.
Мындан тышкары коноктор "Манас" эл коомдук фонду тарабынан уюштурулуп жаткан "Манас" айтуу иш-чарасына катышып, манасчылар Талантаалы Бакчиев, Самат Көчөрбаев айткан "Манаска" күбө болушту.


