super.kg logo
  Саясат  

Абдырахман Маматалиев Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү менен Ооганстандагы этникалык кыргыздардын көйгөйүн талкуулады

 
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 26-мартта БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын кыргыз мамлекетиндеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Маки Шинохара менен жолугушту. "Кыргыз жеринде качкындар көйгөйүнө өзгөчө маани берилет. БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын көмөгү менен мыйзам базасы түзүлүп, качкындардын статусун аныктоо боюнча керектүү процедуралар жана механизмдер иштелип чыкты",- деп билдирди Маматалиев. Өкмөттүн маалымат кызматына таянсак, тараптар Ооганстандагы этникалык кыргыздарды тарыхый мекенине кайтаруу маселесин да талкуулашты. 
БУУнун өкүлү качкындардын маселесин чечүүдө туруктуу колдоо көрсөтүп жатканы үчүн кыргыз өкмөтүнө ыраазычылык билдирди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: