super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз өлкөсү Евразиялык экономикалык союзга кошулгандан кийин мамлекеттин тышкы чек арасы бекемделет

 
"Кыргыз Республикасы бардык укуктук-нормативдик актыларын Бажы союзунун нормаларына шайкеш келтирүү милдетин алган, мунун ичинде көзөмөлдөп өткөрүү пункттарынын иши да камтылган. Бул боюнча республикабыздын кызыкчылыгына жооп бере турган позиция иштеп чыгуу зарыл". Мындай пикирди 26-мартта вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык союзга кошулуу маселеси боюнча министрлер менен жолугушууда билдирди. 
Кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭСке кошулушу менен мамлекеттин тышкы чек арасы (ЕАЭСке мүчө эмес өлкөлөрдүн чегинде) бекемделери айтылды. "Бул боюнча чечим кабыл аларда ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп көрүп, маселени комплекстүү кароо шарт. Мындан тышкары консультативдик иш-чараларды өткөрүү керек",- деп кошумчалады Маматалиев. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: