Төрөбай Зулпукаров "2010-жылдын 7-апрелинде чыныгы элдик революция болду" деди
Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров 26-мартта Апрель окуясын эскерүү иш-чарасына катышты. Анда сөз сүйлөгөн вице-спикер 2010-жылдын 7-апрелинде өлкөнүн келечеги, элдин жыргалчылыгы үчүн эч нерседен кайра тартпай турган эр-азаматтардын эрдигин белгиледи. “7-апрелде кандуу режимди кулатуу оңойго турган жок. Ошол кездеги авторитардык бийликтин аткан огунан токсонго чукул эр-азаматыбыз шейит кетти, жүздөгөн жигиттерибиз өмүр бою майып болуп калышты. Элдин сүрүнө туруштук бере албаган бийлик кулады, кыргыз мамлекетинде чыныгы элдик революция жүзөгө ашты. Чыныгы элдик бийлик орноду”,- дейт депутат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

