Кемин районунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды
Кемин районунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 47 жаштагы И.Э. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адам 15 жаштагы кызын зордуктап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Т.М. аттуу адам кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Алар окуйт бирок акча роль ойноп койот.кыргыздар бай ,а мамилекетти кедей,ошол иште олтургандарга Жакшы айлык болсо алар пара албай Жакшы иштемек,