super.kg logo
  Саясат  

Абдырахман Маматалиев: "Женевада адам укуктары боюнча баяндама жасоо ийгиликтүү болду"

 
Быйылкы жылдын 18-22-январында Швейцариянын Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин отурумунда кыргыз өкмөтү ийгиликтүү баяндама жасады. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта өкмөттүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин отурумунда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, Женевадагы жыйында Кыргыз Республикасына байланыштуу 75 мамлекет тарабынан өлкөдө конституциялык, соттук, укуктук реформалар жакшы жүрүп жаткандыгы айтылды. "Жалпысынан БУУнун отурумунда 196 сунуш түштү, алардын 139у кабыл алынды, 29у кароого алынды. Негизинен, сунуштардын көбү чет өлкөлүк агенттер, эне жана баланын укуктарын коргоо боюнча мыйзам долбоорлоруна байланыштуу болду",- деди Маматалиев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: