super.kg logo
  Саясат  

Ош. Бактыбек Калмаматов обончу Рыспай Абдыкадыровдун жаңы ачылган үй-музейинин абалы менен таанышты

 

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районуна болгон иш сапарында КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Бактыбек Калмаматов белгилүү обончу жана аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун жаңы ачылган үй-музейинин абалы менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Тынчтык Турдалиев билдирди.

Кыргыздын жүрөгүнөн өлбөс ырлары, мукамдуу обондору менен орун алган композитордун музейи аталган райондун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылында ачылган. Рыспай Абдыкадыров ушул айылда туулуп, бала чагын дал ушул айылда өткөргөн.

Ырчынын артында калган кызы, күйөө баласы демилге көтөрүп, Сары-Булак айыл өкмөтүнүн көмөгү жана элдин колдоосу менен ырчы жашап өткөн үйдү музейге айлантышкан. Үй-музейде обончунун колдонгон буюм-тайымдары, кийген кийимдери жана сүрөт көргөзмөлөрү жайгаштырылган.

Музейдин абалы менен таанышып чыккан эл өкүлү Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жана Р.Абдыкадыровдун туугандарына ыраазычылыгын билдирүү менен музейге мамлекеттик колдоо көрсөтүп, музейге жаңы штаттык бирдиктер бөлүнүшү каралып жаткандыгын айтты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: