super.kg logo

"Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музейинде "Элечек" аталышындагы көргөзмө ачылды

 
26-мартта Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей-комплексинде "Элечек" долбоорунун көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалым болгондой, аталган долбоор 2013-жылы "Кристенсен" фондунун колдоосу менен ишке ашкан. Көргөзмөгө салттуу элечекти ороо ыкмаларын билген апалардын жана долбоордун тобунун реконструкцияланган элечектери коюлду. 
Аземди ачуу салтанатында 93 жаштагы Сулуу МонуеваНасипа МамасариеваМария Тургунбаева аттуу апалар элечекти ороо ыкмасын көрсөтүп беришти.
"Миң-Кыял" коомдук фонду "Туруктуу өнүгүү институту" коомдук фондунун колдоосу, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте «Кыргыз улуттук баш кийимдери: калпак жана элечекти жасоо өнөрү» аттуу номинацияны ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүүгө даярдоодо.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: