super.kg logo

Борбордогу бала бакчанын 2-кабатынан кулап кеткен наристенин окуясына байланыштуу тарбиячыга сөгүш берилди

 

Борбордогу №113-бала бакчанын 2-кабатынан кулап кеткен наристеге байланыштуу окуя боюнча тарбиячыга сөгүш берилди. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаарындагы Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова билдирди.

"Бул окуяга байланыштуу атайын комиссия түзүлгөн. Учурда аталган комиссия териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Жагымсыз окуя катталган бала бакчада инструкция, эмгекти коргоо, коопсуздук системи текшерилүүдө. Азыркы тапта бала бакчанын тарбиячысына сөгүш берилди. Ал эми комиссиянын иши аяктаган соң бала бакчанын жетекчисине да чара көрүлмөкчү",- деди С.Мейрманова. 

Айта кетсек, 23-мартта саат 11:45 чамасында №113-"Баластан" бала бакчасынын 2-кабатынын терезесинен кичинекей бала кулап кеткен. Окуянын күбөсү Жыпара Сыдыкова баланы көрүп калып, бала бакчанын кызматкерлерин жардамга чакырган. Ал өз сөзүндө "Тез жардам" чакыргыла десем, бала бакчанын кызматкерлери болбой, мени урушуп, кууп чыгышты" деп билдирген болчу. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.03.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бала инвалид же бир жери сынабы эсептешпей эле согуш алып кутулуп кетет экен да
27.03.2015. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bektur2,ооба десениз кантип балдарыбызды детсадка ишенип берип жатсак алар оздорунун жумушу мн болуп балдарга жакшы конул бурбайт ошол учун бул окуя катталууда,тарбиялуучуга согуштон да каттуу жаза колдонуш кк.
27.03.2015. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ал бала терезеге качан барган,эмне себептен кулап журот,ким карашы керек эле...Азыр баланын акыбалы кандай,майып болбойт деп ким кепилдик бере алат???Катуу эле жазалаш керек,карабай ушак айтышып отурушса керек да,как всегда.
27.03.2015. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Энендиден баштап орусча-кыргызча шатыратып барып болду эми козунду ачып иште деп койдубу ошондо. Тигиниси маакул деп койуп дальше кеткен ушакка.
27.03.2015. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
st1m_, согуш деген выговор жон эле выговор берип коюптур андан эч кандай маселе чечилбейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: