super.kg logo

"Балдарга кымбат баадагы телефон эмес, ата-эне мээрими көбүрөөк керек экенин унутуп баратабыз" дейт Оштун вице-мэри

 

Ош шаарында балдарга карата зордук-зомбулуктун жана өспүрүмдөр арасындагы өз жанына кол салуунун алдын алуу боюнча атайын штабдын жыйыны болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта шаардык мэриядан билдиришти.

Жыйындын алкагында ата-энелердин балдарга болгон кайдыгер мамилеси өспүрүмдөрдүн психологиялык жактан жабыркоосуна алып келип жаткандыгы айтылды.

"Бүгүнкү күндө элдин арасында балдарга болгон мамиле бир топ эле өзгөрдү. Баланы тарбиялоо, ага жетиштүү деңгээлде кам көрүү маселелери кийинки орунда калып эле, материалдык жактан толук камсыз кылуу жагын биринчи орунга чыгарып алдык. Ал балага акча же кымбат баалуу телефон эмес, ата-эне мээрими керек экендигине көңүл бурбай жатабыз. Мына ошол мээримдин жетишсиздигинен эле бала өз ордун бул дүйнөдөн таба албагандай сезүүдө",- деди шаардын вице-мэри И.Эргешов.

Жыйынга Ош шаарынын вице-мэри Иличбек Эргешов, Ош шаардык прокуратура, Ички иштер башкармалыгынын, билим берүү тармагынын, шаар казыятынын өкүлдөрү жана ата-энелер катышты.

Эске салсак, Ош шаарында 2014-жылы төрт бала өз өмүрүн кыйган болсо, быйыл жыл башынан бери бир нече факты катталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: