Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнама такталары алынды













Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган бир катар жарнама такталары алынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 25-27-март күндөрү Муниципалдык менчик башкармалыгы, Жарнамалар департаменти жана Бишкек башкы архитектурасы биргеликте Жукеев-Пудовкин – Саманчин, Байтик баатыр – Горький, Киев – Манас жана Юнусалиев көчөлөрүндөгү жарнама такталарын түшүрүшкөн. Буга чейин мыйзамсыз делген такталардын кожоюндарына эскертүү берилген, бирок иш ордунан жылбагандыктан, тиешелүү чаралар көрүлдү. Мындай рейддер улана бермекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.