super.kg logo

Баткен облусунун дин кызматкерлери көрктөндүрүү иш-чарасына катышышты

 
Баткен облусунун дин кызматкерлери көрктөндүрүү иш-чарасынын алкагында ишембилик өткөрүштү. Ага облустук мусулмандар казысынын милдетин аткаруучу Пазыл ажы Султанмуратов жана башка дин өкүлдөрү катышты.
Белгилүү болгондой, Баткен облусундагы бардык диний кызматкерлерге жер-жерлерде ишембилик өткөрүү боюнча буйрук чыккан. Ага ылайык, Баткен казыяты жана шаардагы борбордук мечиттин кызматкерлери биргеликте казыяттын жана мечиттин айланасындагы таштандыларды тазалап, 80 түп ар кандай дарактын көчөтүн отургузушту. 
Ошондой эле облустун башка аймактарындагы дин кызматкерлери да айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, тазалоо максатында ишембиликтерди өткөрүп жатышат. Бул тууралуу 27-мартта Баткен облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматынан билдиришти. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: