Өкмөт ички иштер органдары жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун колдоду
Өкмөттүн 27-марттагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тууралуу" мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды. Баяндама жасаган ички иштер министри Мелис Турганбаев долбоордун максаты ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн тартибин жана шарттарын жөнгө салуу экенин айтты.
"Ички иштер органдарынын Дисциплиналык уставына ылайык, ички иштер кызматкерлерине дисциплиналык жоопкерчилик жана сый көрсөтүү нормасын киргизүү сунушталууда",- деп билдирген министр тармакта коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуучу нормалар каралып жатканын кошумчалады. Мыйзам долбоору башка мыйзамдарга каршы келбей турганы, республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылбастыгы айтылды.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүү чечими кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

