Жоомарт Оторбаев Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушун көрдү
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 27-мартта Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушу менен таанышты. Өкмөттөн билдиришкендей, мындан ары премьер кыргыз-кытай чек арасындагы "Кара-Мык" жана "Эркеч-Там" көзөмөлдөп өткөрүү пункттарынын абалын көргөнү барат. Мындан тышкары "Кыргыз Республикасы-Кытай газ түтүгүнүн курулушу" долбоорунун алкагында курулуш иштери жүрүп жаткан шаарчага барат. Ошондой эле Нура айылынын тургундары менен да жолугушары айтылды.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















