Орусиянын Домодедово аэропортунан кармалган 5 айым кыргыз өлкөсүнө кайра кайтарылды
Москванын Домодедово аэропортунда кармалып турган 5 жаран кыргыз мамлекетине кайра кайтарылды. Орусиядагы элчиликтин билдиришинче, кыргыз өлкөсүнөн барган 5 айымды 25-мартта аталган аэропорттон токтотушуп, Орусиянын аймагына өткөрбөй коюшкан. Окуяны элчиликтин кызматкерлери иликтешип, кармалган 5 жарандын "кара тизмеде" экени аныкталды. Алар:
Акылбек кызы А., 1996-жылы туулган;
Жолдошева Э., 1967-жылы туулган;
Нуртазы кызы Нурпери, 1996-жылы туулган;
Парпиева Р., 1982-жылы туулган;
Алимбекова Д., (туулган жылы көрсөтүлгөн эмес).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

