super.kg logo
  Саясат  

Бөдөш Мамырова Степное айылындагы абактагы аялдардын абалы менен таанышты

 
Жогорку Кеңештин вице-спикери Бөдөш Мамырова бүгүн, 28-мартта Аламүдүн районунун Степное айылындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №2-мекемесиндеги (аялдар абагы) Мусулман аялдар борборунун ачылышына катышты. Мамырова мекемедеги аялдарга кайрылып, депутаттар “Мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоорун демилгелешкенин, мунапыстын бул ирет абактагы аялдарга жана өспүрүм балдарга колдонулары аталган мыйзамдын өзгөчөлүгү экенин белгиледи. "Мунапыс жөнүндө" мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-окуудан өтүп, президент тарабынан колдоого алынат деп ойлойм",- дейт Мамырова. Депутат абактагылардын жашоо шарты менен таанышып чыкты.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: