super.kg logo

Бишкекте акын Кыялбек Урманбетовдун чыгармачылык кечесинде күйөрмандар кайталангыс ыр дүйнөгө жетеленишти

 
Кеченин соңунда Кыялбек мырза апасын сахнага чакырып, гүл тапшырды.
Кыялбек мырзанын апасы уулу менен сыймыктанарын билдирди.
Кыялбек Урманбетов жубайы менен.

Бүгүн, 28-мартта Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын Кыялбек Урманбетовдун чыгармачылыгынын 45 жылдык мааракесине арналган “Ыр дүйнө” аталышындагы кече орун алды.

Концерттин жүрүшүндө акындын жүрөктөн чыккан чыгармалары оболоду. Аларды Кыргыз Эл артисттери Керим Турапов, Гүлнур Сатылганова, КРнын Эмгек сиңирген артисттери Асылбек Өзүбеков, Ырыскелди Осмонкулов, Актан Исабаев, ырчылар Гүлнара Тойгонбаева, Султан Садыралиев, Гүлзинат Суранчиева, Гүлжигит Калыков, Иса Өмүркуловдор аткарышты.

Кыялбек мырзанын чыгармачылыгын баалап, чыгаан инсан катары сыйлап келишкен көрүүчүлөр автордун тарбиялык мааниси терең, философиялык ой-толгоого жетелеген кайталангыс кайрыктарына кулак төшөп, чыныгы ыр дүйнөгө жетеленишти.

Кечеде Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов, Адил Чекилов мындан 15 жыл мурун жаралып, азыркыга чейин жагымдуу чыгармалардын бири болгон “Ыр майрам” аттуу ырын аткарып беришти. Сахнадан алыстап кеткен Актан Исабаевди көрүүчүлөр өзгөчө жылуу тосуп алышты. “Энекем”, “Сүйүү зары” ырларын аткарып берген ырчы Кыялбек Урманбетов менен 20 жылдан бери иштешип келе жатканын билдирди.

Ал эми Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова репертуарындагы ырлардын көбү Кыялбек мырзанын калемине таандык экенин жана ал ырлар аны популярдуу кылганын белгилеп өттү. Эң биринчи жазып берген чыгармасы “Булуттар” аттуу ырын, жаштардын духун көтөргөн “Жалындат”, “Ак санат”, ойго салган “Асман”, “Угуп кой”, “Күттүрбөй кел” өӊдүү ырларын аткарып кечти шаңга бөлөдү.

Ырчы Султан Садыралиев “Кыргыз бийи” ырын аткарып чыкканда 3 жаштагы кичинекей кыз бийлеп коштоп турду. Мотурайган бөбөктүн бийине күбө болгондор кыйкырып, кол чаап колдоп турушту. Ал эми Гүлнур Сатылганова, Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов кыргыз жерин даңктаган чыгарманы биргеликте аткарып кечени жыйынтыктап беришти.


кошулду





Кыялбек Урманбетовдун мааракесинде "Кара жорго" бийлеген кыз кечеге көрк кошту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(25)
29.03.2015. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик!
29.03.2015. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлнур эже машина белек кылсада жарашмак
30.03.2015. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Формасы кантет Гулнур эженин
Медиа-портал
31.03.2015. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп жашаныз .Сиз жазган ырлар тарыхта калат.
Медиа-портал
31.03.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калемиңиз курчуй берсин!
Медиа-портал
31.03.2015. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бөбөк апасын тарткан турбайбы...
Медиа-портал
02.04.2015. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tema_kG,ал бобоктун апасы ким таанымал инсанбы айта кетсениз бизда билели
Медиа-портал
31.03.2015. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super.kg, азамат! Ар бир концерттин кандай өткөнүн берип турушат. Барбасак да көргөндөй болуп бул жакта сүйүнүп калабыз. Негизи бизге ушундай театралдаштырылган концерттер керек
Медиа-портал
01.04.2015. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
deva, туура айтасыз, сизге мен да кошулам!
SUPER.KG видео
31.03.2015. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өмүрү узун болсун
Медиа-портал
31.03.2015. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жандуу ыр болуп ырчылардын тамактары жаман ичине чейин такашыптыр го интервью берсе аран суйлоп тумчугушуп бечара иса акырында уну жоголуп кетиптир
SUPER.KG видео
31.03.2015. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур эжекебиз эмне эле кыска кийинип алат жарашпай калыптыр
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-01 10:34:03
SUPER.KG видео
01.04.2015. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх соонун болуптур! Агайыбыздын омуру узун, ден соолугу чын болсун!!
SUPER.KG видео
01.04.2015. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынанда кичине кыздын бийлегени жакты.
SUPER.KG видео
01.04.2015. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ширинтай тытып салыптыр го кара жоргону!!!Ал эми агайыбызга бекем ден соолук каалайм,ушундай хит ырлар сиздин калеминизге таандык экенин билбептирмин.Жандуу ун менен кыйналып кыйла эле болуптур го бир ырчыбыз....
Медиа-портал
02.04.2015. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кичине кыздын бийлегенин айланайын 100 жолу кордум окшойт. коз тийбесин омуру узун болсун
Медиа-портал
02.04.2015. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Укмуш бийлептир..азаматсын коз тийбесин..
Медиа-портал
02.04.2015. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай ий ширинтай коз тийбесин.
Медиа-портал
03.04.2015. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тиги кыздын бийлегени укмуш сонунго кайта кайта коруп телефонума да тартып алдым админ ушул кыздын бийлегенин озунчо жуктоп кое аласыздарбы сонун болмок буткул колдонуучулар коруп кочуруп кыргыздын данкы чыкмак сыймыктанарлык синдибиз бар туура. Султан тойлорго концерттерге жанына кошуп алса да жакшы болот
Медиа-портал
03.04.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ширин кыз
Медиа-портал
03.04.2015. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульнур эже жакшы дизайнерлер мн иштеши керек экен.
Медиа-портал
04.04.2015. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даа... супер.Кичине кыз жакты буйтуйган, кучактап ооп ооп ала турган бобок экен,коз тийбесин тфу тфу.
SUPER.KG видео
07.04.2015. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат кыз экен, Султанга колун бербестен чыга калып укмуш бийлептир )))
Медиа-портал
11.04.2015. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай сонун бийлептир кайра кайра кордум омуру узун болсун
Медиа-портал
13.04.2015. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец!! Ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: