super.kg logo

Амстердам – "эң бактылуу" шаар (фото)

 
Амстердам шаарынын тургундары жоогазын өстүрүү менен "оорушат".
Кломптор - жыгачтан жасалган бут кийимдер.
Кломптор - жыгачтан жасалган бут кийимдер.
Шаардын көрүнүшүнөн
Шаардын көрүнүшүнөн
Амстердамдын жолдору велосипед тебүү үчүн өтө ыңгайлуу.
Амстердамдын жолдору велосипед тебүү үчүн өтө ыңгайлуу. Бул үчүн өзүнчө жол бөлүнүп берилген.
Амстердамдын жолдору велосипед тебүү үчүн өтө ыңгайлуу. Бул үчүн өзүнчө жол бөлүнүп берилген.
Падышалардын хан сарайы
Мадам Тюссо музейи
Шаардын көрүнүшүнөн
Шаардын көрүнүшүнөн
"Кофешоп"
Шаардын көрүнүшүнөн
Шаардын көрүнүшүнөн

Нидерланды мамлекетинин борбору жана эң чоң шаары Амстердам болуп саналат. Калаанын аталышы “Амстел дарыясындагы дамба” деп которулат. Суу жээгинде жайгашкан шаар мурун балыкчылардын кыштагы катары таанымал болсо, бүгүнкү күндө Европадагы эң белгилүү туристтик борборлордун бири. Калкынын саны 1 миллион кишиге чукул жана 180ге жакын улуттун өкүлү жашайт.

Амстердам каналдардын шаарындай сезилет. Анда "сүзүп жүргөн" же калкып турган үйлөр көп жана шаарда 600дөн ашуун көпүрө бар. Дагы бир өзгөчөлүгүн айта кетүү керек, аталган шаардын тургундары жоогазын өстүрүү менен “оорушат”. XVII кылымда жергиликтүү жашоочулар сейрек кездешүүчү жоогазындын башы үчүн үй-жайын айырбаштап жиберген окуялар өткөн. Азыркы тапта Амстердамдын дүкөндөрүнөн 10-15 жоогазындын башы салынган баштыкчаны 3-4 еврого сатып алса болот.

Амстердам ошондой эле жеңил баңгизаттарын колдонууга уруксат бергендиги менен атагы чыккан. Башкача айтканда, оор баңгизаттарын колдонгон чөйрөдөн жеңил баңгизатын колдонгондорду алыстатуу максатында уруксат берилген. Сыртында “Coffeeshop” (“Кофешоп”) деген жазуусу бар дүкөндөрдө кара куурай сатылат. Баасы 3 евродон башталат. Мындай дүкөндөргө кирүүгө 18 жашка чыга электерге тыюу салынган. Андан тышкары галлюцинация пайда кылуучу козу карындар да сатылат. Ошондон уламбы, Амстердамдын көчөлөрүндө “бактылуу” туристтердин жылмайып жүргөнүн көп көрүүгө болот.

Амстердамдын көрүнүктүү жайлары:

Падышалардын хан сарайы – учурда ханыша Беатрикстин убактылуу резиденциясы жана монархка тиешелүү үч хан сарайдын бири. Имарат 1655-жылы курулган жана Дам аянтында орун алган.

Мадам Тюссо музейи – момдон жасалган фигуралардын музейи. Атактуу адамдардын тулку бою, кебетесинин көчүрмөлөрүн көрүүгө көп туристтер кызыгышат. Музей 200 жыл мурун скульптор Мария Тюссо тарабынан түзүлгөн. Дүйнөнүн 20дай шаарларында филиалдары бар. Амстердамдагы музей 1971-жылы ачылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: